КМШ

Казакстанда мындан ары электросамокаттарды айдоочулук күбөлүгү барлар гана тебе алат

Казакстанда саатына 25 чакырым ылдамдык менен жүргөн электросамокаттар транстпорттун бир түрү катары эсептелет жана аларды тебүү үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Мындай мыйзамга өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев кол койгонун казак басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, аталган мыйзам долбооруна Мажилистин депутаттары ушул жылдын май айында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, даярдап чыккан. Андагы өзгөртүүлөр төмөнкүлөр:

Электросамокаттардын колдонуучулары велосипеддер үчүн курулган атайын жолдордо эч кандай чектөөсүз жүрө алышат.

Ал эми тротуарларда ылдамдыкты саатына 6 чакырымдан ашырбоо керек.

Самокатты айдоочулук күбөлүгү бар (ред: кайсы категорияда болбосун), 18 жаштан жогорку жарандар гана колдоно алат.

Колдонуу учурунда милдеттүү түрдө каска кийүү керектелет. Ал эми караңгыда жаркырап чагылуучу атайын кийимдер менен гана айдоого уруксат берилет.

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн самокаттан түшүп, сүйрөп өтүү керек.

Ошондой эле өлкөнүн Ички иштер министрлиги да самокат айдоочулары эреже бузган учурда жоопкерчиликке тартылсын деген сунушун киргизген. Мындан тышкары аларга башка жүргүнчүлөрдү же оор жүктөрдү ташууга тыюу салуу да каралган. Жарандар аталган талаптарды аткарбаган учурда тиешелүү суммада айып пул төлөөгө милдеттүү болот.

Быйыл Казакстанда электросамокттар катышкан 10 кырсык катталган. Алардын натыйжасында 1 адам каза тапса, 11 адам оор жаракат алган.

Булак: Супер-Инфо, Автор: Жакбулат Жумабеков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button