Ош облусу

Ошто милиционерлер ИИБдин имаратын ашар жолу менен куруп жатат

© Спутник / Сергей Венявский

Ош облусунда милиционерлер ИИБдин кабылдама имаратын ашар жолу менен куруп жатат.

Аймактык милициянын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков дем алыш күндөрү бетон куюп, кирпич ташып кошо жүрөт.

Жарандарды кабыл алган мурдагы имараттын эскилиги жетип бүткөн. Анын ордуна заманбап эки кабаттуу жаңы имарат куруу чечими чыгарылган.

Бул жакка кабылдама бөлмөлөрүнөн тышкары облустук милициянын музейин дагы көчүрүү пландалууда.

Укук коргоочулар өздөрүнө жана жарандарга ушинтип шарт түзүп жатканын ИИБ билдирди.

Булак: Спутник

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button