Президент Жапаров ШКУнун кезектеги жыйынына онлайн форматта катышат
Бүгүн, 4-июлда президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитине онлайн катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Расмий маалыматка караганда, Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин, тагыраагы, Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат.
Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларынын катарында алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери да бар.
Саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алары белгиленет.
“Ошону менен бирге саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин билдирүүсү, 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим, ШКУга мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө, ошондой эле бир катар башка документтер кабыл алынат”, – деп жазылат маалыматта.
Булак: Супер-Инфо