КМШ

Тоолуу Бадахшанда Ага Хан лицейи жабылды

Тажик бийлиги Хорогдогу Ага Хан лицейин жапты. Маалыматка ылайык, лицей таланттуу балдар мектебине айланып, Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине карайт.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү 30-июнда Хорог шаарындагы Ага Хан лицейин жаап, анын бардык мугалимдери менен кызматкерлери иштен алынганын жарыялашкан. Бул тууралуу 4-июлда “Озоди” радиосуна аталган окуу жайдын мурдагы окутуучулары билдиришти.

“Лицейде 120 мугалим эмгектенген. Анын карамагында эки бала бакча бар болчу. Лицей улутташтырылгандан кийин биз эле эмес, бала бакчанын кызматкерлери да жумушсуз калды”, – деди Ага Хан лицейинин мурдагы мугалимдеринин бири.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелерин жабуу же кайра түзүү Тажикстандын президентине караштуу Билим берүү жана илим тармагын көзөмөлдөө агенттигинин компетенциясына кирет деп билдирди.

Хорогдогу Ага Хан лицейи 1998-жылы тажик президенти Эмомали Рахмон менен ханзаада Карим Ага Хан катышкан салтанатта ачылган. Лицейде 1200 окуучу билим алган. Окуу үч тилде – англис, тажик жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button