КМШ
Алма-Атада Борбор Азия жана Орусиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу башталды

Бүгүн, 23-июнда Алма-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында Борбордук Азия аймагынын жана Россиянын заманбап шарттарда коопсуздугун камсыздоо маселелери кеңири талкууланат. Жыйынга Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев катышууда.
Булак: NazarNews.kg