Кыргызстан

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 357 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлайт.

“Суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 430 куб метрди түзүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Булак: Супер-Инфо

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button